Реклама

.

ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорунда 600дөн ашуун салык төлөөчү катышууда

21.10.2021

2021-жылдын 19-октябрына карата контролдук-кассалык аппаратты башкаруу системасынын пилоттук долбооруна катышуу үчүн салык төлөөчүлөрдөн 600дөн ашуун арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 209 сынамык ККМ орнотулуп, туташтырылган, долбоордун калган катышуучуларына ККМди орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Контролдук-кассалык машинаны колдонууга милдеттүү болгон ишкер субъекттерге бул пилоттук долбоорго катышууга жана ККМди акысыз алууга дагы мүмкүндүк бар экендигин Салык кызматы эскертет. 2022-жылдын 1-январынан тартып ККМди өз каражатынан сатып алуу зарыл болот.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-сентябрында Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизген, ал 2021-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Долбоордо катышуучуларга бекер берилүүчү ККМдин аппараттык жана программалык жаңы моделдери сыналууда.

Салык кызматынын расмий сайтында “ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоору” деген баннер бар, анда бардык керектүү маалыматтар камтылган.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости