Реклама

.

Суйналиев Руслан Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

20.10.2021

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун 2021-жылдын 19-октябрындагы буйругу менен Суйналиев Руслан Мырзабекович Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

20-октябрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка Финансы министри А.К.Бакетаев тааныштырды.

Р.Суйналиев бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген. Салык кызматында 25 жылдан бери иштейт. Кызматтык карьеранын бардык тепкичтерин басып өткөн – катардагы инспектор, башкы инспектордон баштап МСКнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча бир катар аймактык башкармалыктарынын начальнигинин орун басары жана начальниги кызматтарын аркалап келген.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости