Реклама

.

Салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калгандыгы тууралуу эскертет

08.07.2021

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калгандыгы тууралуу эскертет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин – турак үйлөр, батирлер (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыгын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.

Жарандар салык органына барбай эле өзү үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.

Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.

Толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости