Реклама

.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

24.07.2020

2020-жылдын экинчи кварталы үчүн жана/же 1-июндан 31-августка чейинки мезгил үчүн түзүлгөн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү жазуу жүзүндөгү арызсыз үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

Атап айтканда, төмөнкү отчеттуулуктарды берүү мөөнөтү узартылды:

- салык отчеттуулугу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулуктарынан тышкары;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулук.

Ушул эле токтом менен жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчет берүү мөөнөтү дагы 1-октябрга чейин узартылды.

Отчет берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим аймактык салык органдарында калктын топтолушуна жол бербөө, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучтарын жана тобокелдиктерин азайтуу максатында кабыл алынды.

Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

МСКнын басма сөз кызматы

 

 

Биз социалдык тармактабыз:  FacebookTwitterInstagramTelegramGoogleYoutube

 
Все новости