Реклама

.

Салык кызматынын төрагасынын Нооруз майрамы менен куттуктоосу

21.03.2020

Урматтуу мекендештер! Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

21-мартта белгиленүүчү бул майрам жаз келип, жаратылыш жаңылангандыгын жана баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, түшүм улоо башталгандыгын билдирип турат.

Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан жаркын майрамы бир катар өлкөлөрдө элдердин биримдигинин жана ынтымагынын белгиси катары тынчтык, жаратмандык эмгектин жана жалпы бакубаттуулуктун көрүнүшү катары кеңири белгиленет.

Асманыбыз дайым ачык болуп, жергебизде тынчтык жана бейпилдик, элибизде ынтымак орносун. Өлкөбүз гүлдөп өсүп, бардык жарандар ынтымакта жана биримдикте жашасын.

Ар бир үйгө береке, бардыгыңыздарга бакыт-таалай, ден-соолук, жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен,

Кабыл Абдалиев, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

 

 

Биз социалдык тармактабыз:  FacebookTwitterInstagramTelegramGoogleYoutube

 
Все новости