Реклама

.

Ош шаарында таранын көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголь тартып алынды

20.03.2020

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө «Кальвадос и Бренди» ЖЧКга таандык кампадан таранын көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкогодук продукицяны сатуу фактысы аныкталды.

0,1 жана 0,2 литрге чапталуучу акциздик маркалар жарым литрге, 0.01 литрге чапталуучулар 0,2 литрге чапталгандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында «Винап Алко» ЖЧКсы өндүргөн 6174 бөтөлкө спирт ичимдиктери (коньяк, бренди, кальвадос жана виски) тартып алынды.

Материалдар тиешелүү чараларды көрүшү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

 

 

Биз социалдык тармактабыз:  FacebookTwitterInstagramTelegramGoogleYoutube

 
Все новости