Реклама

.

1-июлдан тартып Россиянын аймагына маркаланбаган бут кийимди ташып кирүүгө тыюу салынат

20.03.2020

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды экспорттогон субъекттерге Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтому менен бут киймди милдеттүү маркалоого өтүүнүн мөөнөттөрү жана этаптары кайра каралып чыккандыгы тууралуу маалымдайт.

Алсак, 2020-жылдын 1-июлунан тартып Россиянын аймагында өндүрүштө, импорттоодо жана соодада бут кийим товарларын милдеттүү түрдө маркалоо киргизилүүдө.

Ушул күндөн тартып маркаланбаган бут кийимди өндүрүүгө, импорттоого, ошондой эле дүң жана чекене сатууга тыюу салынат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында ушул жылдын 1-июлуна чейин тамеки, алкоголдук продукция жана бут кийимди маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор ишке ашырылат.

МСКнын басма-сөз кызматы

 

 

Биз социалдык тармактабыз:  FacebookTwitterInstagramTelegramGoogleYoutube

 
Все новости