Skip Navigation Links Жаңылыктар


Салык кызматы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясый партияларды салыктарды өз убагында төлөөгө чакырат

by PS . | Ноя 22, 2016


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясый партияларды, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган жана партияларга аны өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөн компанияларды жана адамдарды тиешелүү салыктарды өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырат.

Белгилүү болгондой, шайлоо учурунда дээрлик бардык партиялар үгүтчүлөрдү жана бир катар адистерди жана компанияларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат.

Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан саясый партиялар, убактылуу жумушчулар-үгүтчүлөр жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери менен шайлоо алдындагы кампаниялардын мезгилинде партиялардын ишине тартылган үгүтчүлөрдүн жана башка адамдардын эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү  төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш.

Үгүттөө учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак щиттери, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Салык кызматы эскертет, шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар жана башка уюмдар жана жеке адамдар, салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. 

МСК басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Сентябрь 2017>>>
Сентябрь 2017
 ПВСЧПСВ
3628293031123
3745678910
3811121314151617
3918192021222324
402526272829301
412345678

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player