Skip Navigation Links Жаңылыктар


КР Салык кызматынын башчысы Россиянын салыктык башкаруунун IT-технологиясын киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты

by PS . | Ноя 22, 2016


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын башчыларынын кеңешмесине катышты.

Өткөн иш-чаранын чегинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын башчылары Россиянын салыктык башкаруунун IT-технологиясын киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышышты.

Атап айтканда, товарларды маркалоо системасы, онлайн режиминде контролдук-кассалык техникалардын жардамы менен эсептешүүнүн автоматташтырылган системасы, КНС төлөөдөн баш тартууга бөгөт коюуга мүмкүндүк берүүчү атайын программалык комплекстин жардамы менен КНСти башкарууда жана анын ордун толтурууда көз боёмочулуктар көрсөтүлдү. 

Кеңешменин катышуучулары Россиянын салык кызматына киргизилген бир катар электрондук сервистер менен, анын ичинде салык төлөөчүлөр тарабынан салык отчётторун тапшыруу, ишканалар боюнча статистикалык маалыматтарды текшерүү, сурап-билүү маалыматтарын алуу жана башкалар боюнча таанышып чыгышты.

Өзгөчө көңүл табигый териден жасалган товарларды маркалоо системасына карата маанилүү темага бурулду. Россиянын Салык кызматынын өкүлдөрү белгилеп кеткендей, системада товарлардын реалдуу убакыт режиминде өндүрүүчүдөн же импорттоочудан анын акыркы сатылганына чейин жылдырылышын көрүүгө мүмкүндүк берүүчү маркалануучу товарлардын “виртуалдык” кампасы түзүлгөн. 

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары-Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын башчылары үчүн Москва шаары боюнча Федералдык салык кызматына экскурсия уюштурулган, мында алар салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча борбордук ФСКнын иштеринин уюштурулушу менен, бирдиктүү байланыш-борборунун иштери менен таанышышты.

Өткөн иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу менен, анын катышуучулары бирдиктүү айкын рынокту түзүүдө жана  экономиканын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин салык жана бажы органдарынын маалыматтык кызматташуусунун өтө маанилүү экенин баса белигилешти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы З.Б.Осмонов, Армения Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы В.Р.Арутюнян, Беларуссия Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча министри С.Э.Наливайко, Казахстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Д.Е.Ергожин, Россия Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги фискалдык органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

МСК басма сөз кызматы











Calendar
Title and navigation
<<<Октябрь 2017>>>
Октябрь 2017
 ПВСЧПСВ
402526272829301
412345678
429101112131415
4316171819202122
4423242526272829
45303112345

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player