Skip Navigation Links Жаңылыктар


Импорттоочулар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүүдө коштомо кагаздардын киргизилгенине карата оң баасын берүүдө

by PS . | Окт 31, 2016


МСКнын кызматкерлери тарабынан контролдук-өткөрүү пункттарында жүргүзүлгөн экспресс-суроолорго ылайык, импорттоочулар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүүдө толтурулуучу талондун ордуна коштомо кагаздардын киргизилгенине карата оң баасын беришти. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда, пресс-конференцияда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов маалымдады.

Жаңы документти колдонуунун талонго салыштырмалуу бир катар артыкчылыктары бар, муну менен жол-жоболор кыйла жөнөкөйлөтүлөт.

Алсак, импортчулар үчүн товарлардын эсебин алуунун киргизилип жаткан жаңы механизминин ыңгайлуулугу коштомо кагаздын бланкы уюмдун бланкында кайсыл жерде болбосун алдын ала таризделгенинде. Башкача айтканда Талонду толтургандай болуп, бир гана контролдук өткөрүү пунктунда толтуруу милдет эмес. Импортчу болсо өзү сайттан бланктын электрондук түрүн алып бланкка көчүрүп алат, же болбосо аны өзү терип алса болот. Башкача айтканда, бул документти атайын барып бир жерден сатып алуу талап кылынбайт. Мындан тышкары, талондон айырмаланып, коштомо кагазга ташылып келаткан товардын наркын көрсөтүүнүн зарылдыгы жок. 

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-октябрынан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү менен алектенген импорттоочулар коштомо кагаздарын жанына ала жүрүүсү керек. Ишкерлик иш менен алектенген уюмдар жана жеке жактар тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттары менен товарларды ташып келүүдө же ташып чыгууда толтуруучу Мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талон алынып салынды. 

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттары менен товарларды алып өтүүнү көздөгөн импорттоочу коштомо кагаздын толтурулган бланкынын 2 нускасын, ошондой эле алуучунун салыктык каттоосу жөнүндө маалымкатты жанына алып жүрүүсү зарыл. 

Кыргыз-казак чек арасындагы контролдук өткөрүү пунктунан өтүүдө импортчулар коштомо кагаздын 1 нускасын жана жүк алуучунун салыктык каттоосу жөнүндө маалымкатты же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн чек арачыга берет. Чек арачы коштомо кагаздын эки нускасын тең салыштырып карап чыгат жана маалымкаттын болушун текшерүү менен жүктү өткөрөт. Коштомо кагазы жок болсо чек арачы тийиштүү мобилдик топко маалымат берет.

КРсынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импортчу (жүктү алуучу) каралган отчёттук мезгил ичинде салык органына тийиштүү салык отчётун тапшырууга жана белгиленген тартипте каралган импорт боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө милдеттүү.

Кыргызстандын аймагынан товарларды экспорттоодо коштомо кагазын толтуруу жана колдонуу талап кылынбайт.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан жеке керектөөлөрү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө коштомо кагаздарын тариздөө талап кылынбай турган товарларды ташууда сунушталган минималдык ченеми жана товарлардын тизмеси бекитилген.

Товарлардын тизмеси менен жергиликтүү салык органдарында, ошондой эле МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан же 194 телефону аркылуу таанышууга болот.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде колдонулган Бирдиктүү бажы тарифтерине салыштырмалуу аларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрүн колдонуу каралган, Казак Республикасынан товарларды ташып кирүү учурунда, белгиленген талаптарга ылайык таризделген товардын эсеп-фактурасынын (инвойс) көчүрмөсүнүн жана бул товарды КР аймагына ташып кирүү укугун тастыктаган тиешелүү коштомо документтердин болушу талап кылынат.

МСК мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген мобилдик топтордун түзүлгөнүн белгилейт. Мобилдик топтун курамына Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы), Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кирет.

Бул жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө коюлган талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана анын ичинен импорттоочунун жогоруда көрсөтүлгөн коштомо документтери жок, эсепке алынбаган товарларды ташып өтүүсүнө бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш чараларды өткөрөт. 

МСКнын басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Январь 2017>>>
Январь 2017
 ПВСЧПСВ
532627282930311
22345678
39101112131415
416171819202122
523242526272829
6303112345

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player