Skip Navigation Links Жаңылыктар


7-ноябрдан баштап эсеп-фактураларынын кагаз бланкалары алынып салынат

by PS . | Окт 31, 2016


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы, 2016-жылдын 7-ноябрынан баштап эсеп-фактураларынын кагаз бланкалары алынып салынарын билдирет. Алардын ордуна салык төлөөчүлөрдүн КНС эсеп-фактураларына сериялардын жана номерлердин ыйгарылышы ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда, пресс-конференцияда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдралиева маалымдады. 

Анын айтымында, жаңы механизм эсеп-фактураларынын кагаз бланкаларынан баш тартып, эсеп-фактураларын электрондук эсепке алууну киргизүүгө өтүүнү шарттайт.

Бул эреже ушул жылдын 12-августундагы КР Мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген оңдоолорго ылайык иштеп баштайт.

КНС эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери салык төлөөчүгө, анын жазган арызынын негизинде КНС салык төлөөчүсү катары катталуу орду боюнча салык органы тарабынан ыйгарылат.

Салык төлөөчү берген арыздын негизинде салык органы, мурда ыйгарылгандарын эсепке алуу менен орто айлык керектөөдөн көп эмес өлчөмдө КНС эсеп-фактураларынын серияларынын жана номерлеринин суралган санын ыйгарат.

Мындай учурда, салык төлөөчү 7-ноябрга карата анын пайдалануусунда калган КНС эсеп-фактураларынын так отчеттуулугунун бланкаларын 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонууга акылуу экенин белгилемекчибиз. Ошондой эле, 7-ноябрга карата анын пайдалануусунда калган КНС эсеп-фактураларынын так отчеттуулугунун бланкаларына карата  КНС эсеп-фактуралары боюнча тиешелүү реестрлер салык төлөөчү тарабынан салыктык катталуу орду боюнча салык органына берилүүгө жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана МСКнын расмий сайттарына жайгаштырылган “КНС эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруунун Тартибинин” долбоору, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын кароосунда жатат.

Бул жаңылык, кагаз эсеп-фактураларын алууга, эсебин жүргүзүүгө жана колдонууга карата салык төлөөчүнүн дагы, ошондой эле салык органынын дагы убакыттык жана материалдык ашыкча сарптоолорун кыскартат, ошондой эле эсеп-фактураларынын бланкаларын пайдалануу боюнча ашыкча отчеттуулукту азайтат жана  эсеп-фактураларынын кагаз бланкаларын эсепке алууну жүргүзүү учурунда орун алган каталарды кыскартат.

Мындан сырткары, бюджеттик каражаттар үнөмдөлөт, анткени эсеп-фактураларынын кагаз бланкаларын даярдоо үчүн мурда жылына 3,8 млн сомдой каражат сарпталуучу.

МСК басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Февраль 2017>>>
Февраль 2017
 ПВСЧПСВ
6303112345
76789101112
813141516171819
920212223242526
10272812345
116789101112

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player