Skip Navigation Links Жаңылыктар


МСК камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыгын чыгарды

by PS . | Окт 27, 2016


Бүгүн, 27-октябрда, Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын презентациялады. Презентация МСКнын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимовдун, министерстволордун жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле бизнес-коомчулуктун катышуусунда Бишкекте өттү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары О.Абдыкаимов өз сөзүндө тегерек столдун катышуучуларына пилоттук долбоорду киргизүүдө жүргүзүлгөн уюштуруу техникалык жана методикалык  иштер, эки аймактык салык башкармалыктарынын базасындагы аны ишке ашыруу этаптары тууралуу кыскача айтып берди.

Ошондой эле катышуучуларга долбоордун алдын-ала жыйынтыктары, аларды чечүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, келечекте Салык кызматына Соцфонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу функциясын өткөрүп берүү процессин андан ары ишке ашыруу тууралуу маалымат берилди.

О.Абдыкаимов долбоордун оң жактарынын ичинен МСКнын пилоттук башкармалыктарында камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүчүлөрдүн, сатып алуучулардын саны жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү көбөйдү. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөргө бир эле жерден - салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчётту тапшыруу кыйла ыңгайлуу экени айкын болду.

Ошол эле учурда, ведомство өзү долбоорду андан ары кеңейтүү керек болуп калган учурда Өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган техникалык, финансылык жана мыйзамдык мүнөздөгү көйгөйлөргө дуушар болду.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жалпы жонунан пилоттук долбоордун жыйынтыгына оң баасын берди, ошол эле учурда бир катар эскертүүлөр жана сунуштар айтылды, булар негизинен техникалык мүнөздө болуп, мунун бардыгы алдыда боло турган иштерде сөзсүз эске алынаарын айтып, салыкчылар убадасын беришти. Айрыкча, “электрондук жардамчы” электрондук кызматынын ишине нааразылыктар айтылды. Ошондой эле келечекте ишкерлер салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча бир эле отчёт тапшыра тургандай кылып бирдиктүү документ иштеп чыгуу сунуштары киргизилди. 

Ушул жана башка сунуштарга жана эскертүүлөргө МСКнын жана Соцфонддун өкүлдөрү толугу менен жооп беришти.

Эскерте кетсек, МСК камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштагандан тартып (2015-жылдын 1-декабрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин) суммасы 53,3 млн.сомдук 51 миң 253 камсыздандыруу полистерин берди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (КР Соцфондунун малыматы боюнча) санына карата 115,3% ды (же 6798 камсыздандыруу полисине көп) жана суммасына карата 131,8%ды (же 12,9 млн.сомго көп) түздү.

Мындан тышкары, төгүм суммасы 890,8 млн.сомду түзгөн, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаты боюнча 34 миң 423 эсептик ведомосттор кабыл алынган, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларга суммасы 995,9 миң сомго 740 квитанция жазылып берилген.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2016-жылдагы “Камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, МСК тарабынан социалдык чегерүүлөрдү тескеп-башкаруу боюнча милдеттерди жана ыйгарым укуктарды киргизүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Бул токтомдо Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча милдеттери жана ыйгарым укугу бар, ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталган.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын Октябрь районунда жана Чүй облусунун Сокулук районунда ишке ашырылууда. 2015-жылдын 1-декабрынан тартып - жалданма жумушчулары жок жеке ишкерлерге, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып жалданма жумушчулары бар жеке ишкерлерге, жер үлүшү же анын кандайдыр-бир бөлүгүнүн ээси болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү болбогон жеке жактарга, үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып юридикалык жактарга жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларга карата өткөрүлүүдө.

МСК пилоттук долбоорду ишке ашыруу процессинде бир катар уюштуруу, укуктук жана техникалык көйгөйлөргө дуушар болду. Айрыкча, адам жана техникалык ресурстар жетишсиз болду. Ошондой эле, ченемдик актыларда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн салык органдары тарабынан жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча тийиштүү ченемдердин жоктугу ж.б.

Көрсөтүлгөн ченемдер, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн олуттуу көбөйүшү (ар бир жарым жылда) пилоттук долбоордун сапатына жана жыйынтыктарына терс таасирин тийгизди.

Мындан тышкары техникалык мүнөздөгү белгилүү бир татаалдыктар да болду. 

Жогоруда аталган маселелерди чечүү пилоттук долбоордун андан аркы ишке ашырылышынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк бермекчи. Мына ушул максатта камсыздоо взносторунун ставкаларын төмөндөө жагына кайра кароону караган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алууну тездетүү сунуш кылынууда.

Ошондой эле документалдуу текшерүүлөрдү дайындоо, өткөрүү жана тариздөө маселелерин, салык карыздарын өндүрүү жол-жоболорун, санкцияларды колдонууну ж.б. жөнгө салуу жана оптималдаштыруу максатында ЧУА иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл. Мындан сырткары, ведомствону техникалык жана адам ресурстары менен камсыз кылуу керек, анткени бул долбоор тиешелүү ресурстук камсыздоосуз ишке ашырылып жаткан.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча экономика Министрлиги МСК менен биргеликте 2017-жылдын 1-июлуна чейин жогоруда аталган эки пилоттук райондордо – МСКнын Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй областынын Сокулук району боюнча башкармалыктарындагы камсыздандыруу взносторун тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну уланта берүүнү сунушташты. Токтомдун тиешелүү долбоору азыркы кезде макулдашуу абалында жатат.

Белгилей кетсек, бул долбоор Великобритания менен Швейцария Өкмөттөрү менен өнөктөш, Дүйнөлүк банкттын тобуна кирген IFCтин (Эл аралык финансылык корпорациясы) техникалык колдоосу астында ишке ашырылууда.

МСК басма сөз кызматы










 










Calendar
Title and navigation
<<<Июль 2017>>>
Июль 2017
 ПВСЧПСВ
27262728293012
283456789
2910111213141516
3017181920212223
3124252627282930
3231123456

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player