Skip Navigation Links Жаңылыктар


Жыл башынан бери салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке 3 млрд сомдон ашык жашырылган салык түштү

by PS . | Окт 21, 2016


2016-жылдын 9 айында республиканын салык органдары тарабынан ишкерлерге карата 8 миң 27 салыктык текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу 21-октябрда Мамлекеттик салык кызматынын 2016- жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ведомстволук коллегияда маалымдалды.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 7,7 млрд сом өлчөмүндө салыктардын азайтылган (жашыруун) суммасы бюджетке кошумча эсептелинген, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 млрд сомго же 55%га көп болгон. 

Салыктык текшерүүнүн материалдары боюнча (өткөн мезгилдердеги актылар боюнча жабууну кошкондо) келип түшүү 3 млрд 227,4 млн сомду түзгөн, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул цифра 1 млрд 873,8 млн сомду түзгөн.

МСК басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Январь 2017>>>
Январь 2017
 ПВСЧПСВ
532627282930311
22345678
39101112131415
416171819202122
523242526272829
6303112345

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player