Skip Navigation Links Жаңылыктар


Салык карызын мажбурлап өндүрүүнүн жыйынтыгында бюджетке 2,7 млрд сом түштү

by PS . | Окт 21, 2016


Республикада үстүбүздөгү жыдын 1-октябрына карата салык карызынын суммасы 1 млрд 269,3 млн сомду түздү, анын ичинен өнбөгөн салык карызы – 404,6 млн сом. Бул тууралуу 21-октябрда Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ведомстволук коллегияда маалымдалды. 

Республиканын салык органдары тарабынан 2015-жылда салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча белгиленген иштер өткөрүлүп, кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында  бюджетке 2 млрд 679,5 млн сом түшкөн, бул 2015-жылга салыштырмалуу 980,2 млн сомго көп же өсүү ыргагы 163,4%ды түзгөн.

Салык төлөөчүлөргө 3,9 млрд сом суммасында 59 миң 437 салык чечими тапшырылып, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң 940 чечимге же 2,3 млрд сомго көп. Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2,7 млрд сомго 2328 салыктык-төлөм талаптары коюлган.

Ошондой эле, 783,9 млн сомго 2399 мүлктүк тизмектеп каттоо жүргүзүлгөн, бул 2015-жылдын 9 айына салыштырмалуу 340 бирдикке же 344,8 млн сомго көп.

Сот органдарына кароого 1,1 млрд сом суммасындагы 1311 материал берилген, алардын ичинен 423,1 млн сом суммасындагы  471 материал боюнча чечим бюджеттин пайдасына чыгарылган.   

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 22,9 млн сомго 5660 административдик айып салынган. 

МСК басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Январь 2017>>>
Январь 2017
 ПВСЧПСВ
532627282930311
22345678
39101112131415
416171819202122
523242526272829
6303112345

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player