Skip Navigation Links Жаңылыктар


9 айда 47,7 млрд сом салык жыйналды

by PS . | Окт 21, 2016


2016-жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 47 млрд 691,6 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 11 млрд 998,1 млн сомго же 33,6 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу 21-октябрда Мамлекеттик салык кызматынын 2016- жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ведомстволук коллегияда маалымдалды.

Салык боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык органдары камсыз кылышкан эмес, анын ичинде: Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Октябрь, Ленин, Свердлов, Биринчи Май, Сокулук, Жайыл, Москва, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай райондору, ошондой эле, Токмок, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Каракол шаарлары боюнча башкармалыктары. 

2016-жылдын 9 айында  салыктардын негизги түрлөрү боюнча келип түшүү ыргагы жогорулагандыгы белгиленди: пайыз салыгы 143,9%га, бирдиктүү салык 106,5%га, кыймылсыз мүлк салыгы 106,9%га, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы (101,5%), Кумтөрдүн дүң кирешесине салык (118,2%), ЕАЭБден импорттоого акциз (100,2%), Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга акциз салыгы (108,2%), жер казынасын пайдаланууга салык  (Роялти) (106,9%), жер казынасын пайдаланууга салык  (Бонус) (151,5%). Ошондой эле, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы (101,6%), кыймылдуу мүлк салыгы 109,3%), короо-жай жанындагы жер участокторун пайдалангандыгы үчүн салык (104,7%). 

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр соода ишканаларында – 15,0%, түстүү металл ишканасында – 14,0%, байланыш түзүмүндө – 11,0%, башка ишмердиктерде – 10,0%, курулушта – 6,0%, профессионалдык ишмердикте – 5,0%, финансы кызматында – 4,0%, өндүрүштүн башка тармагында – 5,0%, электр энергиясында – 3,0%, алкоголдук суусундукта – 3,0% өндүрүлгөн. 

МСК басма сөз кызматы


 










Calendar
Title and navigation
<<<Февраль 2017>>>
Февраль 2017
 ПВСЧПСВ
6303112345
76789101112
813141516171819
920212223242526
10272812345
116789101112

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player