Skip Navigation Links Жаңылыктар


Кара-Суу районунда мушташка катышкан салыкчы кызматынан бошотулду

by PS . | Окт 20, 2016


Кара-Суу району боюнча салык органынын кызматкери мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим этика боюнча комиссиянын отурумунун жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды.


Эске салсак, жакында эле түн ичинде МСКнын Кара-Суу райондук башкармалыгынын кызматкери менен Кара-Суу базарынын жумушчусунун ортосунда мушташуу болгон. Салыкчы, мас абалында базардын аймагын тазалап жүргөн аялды зордуктоо аракетин кылып жатканда, аялына жардамга келип калган күйөөсү экөөнүн ортосунда мушташ чыгып кеткен.


Комиссиянын корутундусуна ылайык, кызматкердин мындай жүрүм-туруму мамлекеттик органдын аброюна таасирин тийгизет жана мамлекеттик кызматкердин этикасынын ченемдерин одоно түрдө бузат. Буга байланыштуу, мушташтын катышуучулары элдешип алганына карабастан, салыкчы иштеген ишинен айрылды. 


МСКнын басма сөз кызматы










Calendar
Title and navigation
<<<Март 2017>>>
Март 2017
 ПВСЧПСВ
10272812345
116789101112
1213141516171819
1320212223242526
14272829303112
153456789

Content on this page requires a newer version of Adobe Flash Player.

Get Adobe Flash player