Реклама

.

2018-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыяланды

04.10.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында, 2018-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тууралуу маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын тизмеси www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо" рубрикасында жарыяланды.

Ушул жылдын 3-октябрына карата 1 миң 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери болду, бардыгы – 980 декларант. Ошондой эле тизмеде Мамлекеттик каттоо кызматынын (25), Жогорку Кеңештин (22), Эмгек жана социалдык министрлигинин (16), Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (16), Финансы министрлигинин (13), МСК (12), Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (10), Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (10), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (7), Юстиция министрлигинин (7), Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), Бажы кызматынын (6), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (6), Тышкы иштер министрлигинин (6), Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Эскерте кетсек, салык декларациясын тыпшырууу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости