Реклама

.

2020-жылдан тартып АМСтер мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдоно башташат

24.09.2019

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында (АМС) мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт.

Бул жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды, мунайзаттарды эсепке алуу жөнүндө” токтомуна ылайык,  мунай жана мунай заттарды казып алууда, өндүрүүдө, ташып келүүдө, сатууда өлкөнүн аймагында мунай заттардын жүгүртүлүшүн контролдоо максатында белгиленүүдө.

Алсак, дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттардын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунай заттарды берүүнүн  автоматташтырылган электрондук системасы менен камсыз болгон шартта гана АМСте чекене сатууга болот.

Мунай жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык 2020-жылдын 1-январынан КР аймагындагы  май куюучу станцияларда мунай заттарды чекене сатуу менен алектенген бардык ишкердик субъекттер АМСте мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган эсепке алуу системасын колдонууга милдеттүү болот.

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт, себеби АМСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, ишкердик субъекттер АМСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын өз алдынча сатып алып, орнотот жана тейлейт. Ошол эле учурда ал техникалык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

Мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы менен ККМдин өз ара аракеттешүүсү функционалдык талаптарга ылайык келбеген учурда, ал АМСте мунай заттарды чекене сатууга тыюу салынат.

Мында АМСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын мөөнөтүнөн мурда орноткон  субъекттер үчүн АМСтеги, автомобилдик газ куюучу станциядагы мунайзаттарды куюучу люкту пломбалоо жана пломбасын алуу жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт. 

Мунай заттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттер салык кызматынын маалыматтык системасынын өздүк кабинети аркылуу технологиялык тизмек боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук коштомо кагазды тариздеши керек. Электрондук коштомо кагаз мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыйт.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости