Реклама

.

МСКнын башчысы салык органдарын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ишти күчөтүүгө чакырды

11.09.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев өлкөнүн бюджетине салыктардын толук көлөмдө чогултулушун камсыз кылуу максатында, фискалдык органдын кызматкерлеринен чарбалык субъекттер тарабынан салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жаатындагы мыйзам ченемдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча зарыл болгон бардык чараларды кабыл алууну талап кылды.

Ал салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерге токтолуп, аларды чечүү үчүн салык органдарына тиешелүү милдеттерди койду.

Барынан мурда, К. Абдалиев бирдиктүү салыктын негизинде иштеген жана патенттен ушул системага өткөн жеке ишкерлерге карата контролдун жоктугун көрсөтүү менен бирдиктүү салык төлөөчүлөрдү башкаруу боюнча салык органдарынын иштеринин начардыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, салыктардын түшүүсүнүн резервдеринин бири болуп саналган бул багыттагы ишти активдештирүү тапшырды.

Салык контрактты түзүү мөөнөтү жакындаганына байланыштуу Салык кызматынын төрагасы салык органдарынан тийиштүү иштерди, анын ичинде аналитикалык иштерди жүргүзүүнү талап кылды. Ал, салык мыйзамдарына ылайык, 1-ноябрга карата коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо тармактарындагы иштеген көп субъекттер келишимдин же келишимди кайра түзүүнүн негизинде салык төлөө режимин колдонуу ниети жөнүндө арыз беришээрин белгилеп өттү. Ошондуктан, аймактык салык органдарында контракт боюнча иштеген субъекттер боюнча комплекстүү, анын ичинде аналитикалык иштерди жүргүзүү үчүн 2 ай убакыт бар. Борбордук аппарат контракттарды түзүүнүн тууралыгын контролдоого тийиш.

"Тилекке каршы, салык постунун натыйжалары боюнча айрым ресторандар же чоң кафелер үчүн салык контрактынын салыштырмалуу эң эле аз суммасы белгиленген учурлар да жок эмес. Ар бир салык органын ишкер субъекттер менен салык контрактын мыйзам чегинде гана түзүүгө чакырам", - деп белгиледи К. Абдалиев.

Ошондой эле, коюлган милдеттердин алкагында салык органдары билим берүү жана медициналык ден соолукту чыңдоочу мекемелер боюнча, алардын менчигинин түрүнө карабастан, имараттын менчигинде же балансында турган, ижарага берилүүчү жайлардан, ошондой эле,  ижарачылар тарабынан  көрсөтүлгөн кызматтардан салыктардын тийиштүү суммаларынын өз убагында жана толугу менен төлөнүүсү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүсү зарыл.

Тактап айтканда, кеп өз аймагынын бир бөлүгүн, кабинеттерди, жертөлө же башка имараттарды ижарага берип жатышкан жогорку жана атайын орто окуу жайлар, поликлиникалар, ооруканалар, мектептер, бала бакчалар туурасында болуп жатат. Ижарачылар аларды дарыкана, буфет же ашкана, жеке окуу борборлору же акы төлөнүүчү кабинеттер сыяктуу жарандарга медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча пайдаланышууда. Айрым мекемелердин аймактарында акы төлөнүүчү унаа токтоочу жайлар ж. б. орун алган.

"Имараттын бир бөлүгүн же ага жакын жайгашкан аймакты ижарага берген же башка кызматтарды көрсөткөн билим берүү жана медициналык мекемелер ишкердик менен алектенишет. Ижарага берилген жайларда калкка жеке кызмат көрсөткөн субъекттер да салык төлөөгө тийиш. Алар ижарага берип же өз ишмердигинен болобу пайда көрүп жатышат. Ошондуктан, алар тийиштүү салыктарды, анын ичинде киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшү керек", - деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы К.Абдалиев.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси мамлекеттик конкурстарга (тендерлерге) да көңүл бурду. Башкача айтканда, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча уткан компаниялар тендердин негизинде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн тиешелүү салыктарды төлөөгө тийиш.

"Жергиликтүү салык органдары салык карызынын жоктугу тууралуу маалымкат берүүдөн тышкары, мамлекеттик конкурстарды жеңген компаниялар тарабынан салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз учурунда жана толугу менен төлөнгөндүгүн контролго алуулары керек”, - деп баса белгиледи К. Абдалиев.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости