Реклама

.

МСКнын төрагасынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бош кызмат орундарына конкурстун катышуучуларына кайрылуусу

14.08.2019

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жана ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктарды натыйжалуу башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Салык кызматына үстүбүздөгү жылдын июль айында 290 штаттык бирдик кошумча бөлүнгөн.

Штатты толуктоо максатында Салык кызматы тарабынан аймактык салык органдарындагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча башкы жана ага инспекторлук жана инспекторлук бош кызмат орундарга сынак жарыяланды, алар биринчи этапта тандалып алынат, ал эми экинчи этапта – жетекчилик курам тандалып алынмакчы.

118 бош кызмат орунга конкурска катышууга 2251 талапкер арыз берди, анын ичинен 589у КР Социалдык фондунун кызматкерлери.

Жобого ылайык, жарыяланган бош кызмат орундарына талапкерлер бир нече этаптардан конкурстук тандоодон өткөрүлүшү керек: документтерди чогултуу, компьютердик тестирлөө, жазуу жүзүндөгү (эссе) конкурс жана аңгемелешүү. Конкурстук тандоонун акыркы эки этабы видеого тартуу менен коштолот.

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча маанилүү милдет жүктөлгөн билимдүү, келечеги бар адистерди тартууга кызыкдар. Ошондуктан, конкурсту ачык-айкын өткөрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлөт, бул талапкерлердин ичинен мыктыларды тандап алууга мүмкүндүк берет. Конкурстук тандоо комиссиясынын мүчөлөрү тааныш же чалуулар аркылуу тандоо мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоо талабы коюлду. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсүнө талапкерлерди тандоону объективдүү жана сапаттуу өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.

Конкурстук тандоонун шарттарына квалификациялык талаптары туура келгенгендерди конкурска катышууга чакырам. Кандайдыр бир маселелер пайда болгон учурда сиз конкурстук комиссиянын төрагасы – Салык кызматынын статс-катчысына түздөн-түз кайрылсаңыз болот.

Талапкерлерге ийгилик каалайм.

Урматтоо менен,

Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

Все новости