Реклама

.

Салык кызматы "Чоң-Капка" пунктунан 80 тоннадан ашык бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

25.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Атап айтканда, 81,8 тонна бензанол алып келе жаткан 3 унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости