Реклама

.

Кыргыз-казак чек арасынан арматура жана кагаз каптарды мыйзамсыз ташып келүү аныкталды

17.07.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 16-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден арматура жана кагаз каптарды ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты.

Алсак, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 19 тонна арматураны ташып келе жаткан автомашина кармалган. Текшерүүдө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

“Чоң-Капка автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 1 млн сомдон ашык суммада 20 тонна кагаз капты ташып келүү фактысы аныкталды. Айдоочуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок болуп чыккан.

Бузуу фактылар боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) өткөрүлүп берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости