Реклама

.

Салык кызматы 6 айда текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 7,7 млрд сом жашырылган салыкты кошумча эсептеди

16.07.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 6 айында ишкерлерлерге карата 5 миң 868 текшерүү жүргүздү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 7 млрд 717,4 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 5 млрд 874,7 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 1 млрд 566,2 млн сомго, же 76,1 %га көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 1 млрд 316,4 млн сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 115 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости