Реклама

.

Салык кызматы "Ак-Тилек" постунан битум, трансформатор, жыгач жана LED ламполарын ташып келүү боюнча бузууларды аныктады

15.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 13-14-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү боюнча бир катар бузууларды аныкташты.

Алсак, товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок 35 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган.

Салыкчылар ошондой эле 27 тонна битум, 9 миң 500 жарык берүүчү LED лампа жана 4 трансформатор алып келинген фактыларды аныкташты. Импорттоочулардын колунда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты бар экендиги аныкталган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости