Реклама

.

Салык кызматы "Ак-Тилек" пунктунан 40 тонна түтүктү жана 42 тонна макулатураны мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

12.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан түтүк жана макулатураларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Атап айтканда, 40 тонна түтүк (НКВ), ошондой эле 42 тонна макулатура алып келе жаткан унаалар кармалган. Импортчуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости