Реклама

.

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан тактай, коон, көмүр жана айнек идиштерди мыйзамсыз ташып келүүнү аныктады

11.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 10-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан  контролдук-өткөрмө пунктарына жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктарынан жагач материалдарын, коон, көмүр жана айнек идиштерди ташып келүүдө бузууларды аныкташты.

Алсак, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунда Россиядан 20 кубметр жыгач материал алып келген автомашина кармалган. Жүк ташуучуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан тиешелүү коштоочу документтерсиз 17,5 тонна айнек идиш жана 8 тонна көмүр ташып келүү фактысы аныкталган.

Мындан тышкары "Чалдыбар автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунда 1 тоннадан ашуун коон ташып келе жаткан унаа кармалды. Унанын ээсинде товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости