Реклама

.

Салык кызматы "Ак-Тилек" пунктунан коштоочу документтери жок модулдук үйлөрдү ташып келүүнү аныктады

09.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан модулдук үйлөрдү ташып келүүнү аныкташты.

Атап айтканда, Россиядан жалпы аянты болжол менен 80 чарчы метр модулдук үйдү тийиштүү эмеректери менен алып келе жаткан автомашина кармалды. Ташуучунун товар алып келүүгө уруксат берген бардык документтери: салык органынын салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты, коштомо кагазы жок болгон. Транспорттук коштомосу CMR гана болгон.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында, коштомо кагазды милдеттүү түрдө толтуруу талап кылынбаган, жеке жактар тарабынан алып өтүлүүчү товарлардын тизмесинде жана сунушталган минималдык ченеминде жеке пайдалануу үчүн каркастык үй жок.

Автомашина айып салуучу аянтка токтотулду. Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости