Реклама

.

Салык кызматы "Ак-Тилек" пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын алып келингендигин аныктады

03.07.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 2-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын ташып келе жаткандыгын аныкташты.

Тактап айтканда, 25 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган. Унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости