Реклама

.

Кыргызстанда мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

03.07.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Салтанаттуу иш-чара КР Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында өттү.

Алсак, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө жигердүү катышкандыгы, 2018-жылдагы жана 2019-жылдын 5 айындагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту:

өндүрүш жана курулуш чөйрөсүндө: «Электр станциясы» ААК (Бишкек), «АгроТрейдКомпани» ЖЧК (Ош ш.), «Пэрити-Коал» ЖЧК (Ош обл.), «Айлана» ЖЧК (Чүй обл.), «СМУтт» ЖЧК (Ысык-Көл обл.);

соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө: «Альфа Ойл» ЖЧК (Бишкек), «Альфа Телеком» ЖАК (Бишкек),  «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК (Бишкек), «RG Company» ЖЧК (Бишкек), «Мурас-Спорт» ЖЧК (Бишкек).

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров тийиштүү тастыктамаларды тапшырып жатып, Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга олуттуу салым кошуп жатышкан жана салык мыйзамдарын бекем сакташкан ак ниет салык төлөөчүлөргө жогору урмат-сый менен мамиле кылаарын белгилеп, алардын ишине жаңы жетишкендиктерди каалап өттү.

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу.

МСКнын басма-сөз кызматы


лн10(10)

лн01(01)

лн02(02)

лн08(08)

лн03(03)

лн04(04)

лн05(05)

лн06(06)

лн07(07)

лн09(09)

Все новости