Реклама

.

Квалификациялык электрондук кол тамганы алуу үчүн адистештирилген операторлордун даректери жана телефондору

02.07.2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы КНС төлөөчү катары катталган, ошондой эле товарларды экспортоону жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана уюмдар (анын ичинде алардын өкүлдөрү)   квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө салык отчётторун берүү үчүн электрондук кол тамганы сатуу боюнча төмөнкү адистештирилген операторлордун электрондук кол тамгасын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өткөн төмөнкү Адистештирилген операторлордон сатып алууга болоорун билдирет:

1. “DosTe”k group” ЖЧКсы, Бишкек ш., Коёнкөзов көч., 8, (0312) 96-03-60, www.dostek.kg, office@dostek.kg;

 

2. “Юниверсал Бизнес Репорт” ЖЧКсы, Бишкек ш., Токтогул к. №214/1, (0312)98-68-66, www.ubr.kg, sale@ubr.kg.

Электрондук кол тамганы сатып алуу маселеси боюнча кеңири маалымат алуу үчүн жогоруда аталган компанияларга кайрылуу керек.

Эскерте кетсек, кошумча нарк салыгынын төлөөчүлөр катары катталган, ошондой эле товарларды импорттоону жана/же экспорттоону жүзөгө ашырган уюмдар жана жеке ишкерлер үстүбүздөгү жылдын июль айынан тартып салык мезгили үчүн салык отчетторун квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшү керек.

Ушуга байланыштуу, аталган салык төлөөчүлөр электрондук салык отчетторун салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тапшырууга милдеттүү.

Алсак, ар ай сайын берилүүчү салык отчеттору 2019-жылдын август айынан тартып электрондук документ түрдө берилет, ал эми квартал сайын берилүүчү салык отчеттору үчүнчү кварталдын жыйынтыгы менен – үстүбүздөгү жылдын октябрь айында берилет.

Кеңири маалыматты 1240 номуру аркылуу, www.sti.gov.kg сайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости