Реклама

.

МСКнын төрагасынын салык кызматкерлердин күнү менен куттуктоосу

01.07.2019

Урматтуу салык кызматынын кызматкерлери!

Сиздерди жыл сайын 1-июль күнү белгиленип келе жаткан Салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстандын салык кызматы түзүлгөндөн берки 29 жыл ичинде салык саясатын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик маанилүү милдеттерди аткаруу менен тарыхый жолду басып өттү. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында заманбап салык системасы түзүлдү, жумушчу процесстер автоматташтырылып, жаңы технологияларды жана ыкмаларды киргизүүнүн эсебинен салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси сапаттуу өзгөрдү.

Жетишилген натыйжалар менен токтоп калбастан, Салык кызматы кайра түзүүлөрдү улантып келүүдө. Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган соң Салык кызматы ушул жылдын 15-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн толук кандуу башкарууну баштады. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында 1-июлдан тартып электрондук документ түрүндөгү электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди, ошондой эле бир катар таасирдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ведомство тарабынан орто мөөнөттүү программалык документтин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жана өкмөттүк программалык документтерге ылайык чараларды ишке ашырууну караган 2019-2021-жылдарга МСКнын өнүгүү стратегиясынын негизинде иштөө алдында турат. Стратегияда 4 артыкчылыктуу багыттагы конкреттүү максаттар жана милдеттер аныкталган. Атап айтканда, Салыктык башкарууну автоматташтыруу, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана салык төлөөчүлөр менен дистанттык өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү, Көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүү, Салыктык башкаруу бөлүгүндө ЕАЭБдин интеграциялык процессстерин колдоо жана МСКнын иш тилкесин кеңейтүү.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн тажрыйбаларын жана билимин, бүткүл потенциалын пайдалануу менен алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүшөт деп ишенем.

Бардык салык кызматкерлерин дагы бир жолу Салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, жетишкендиктерди, сабырдуулукту жана жаңы ийгиликтерди, ошондой эле, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Урматтто менен,

Теңизбек Абжапаров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

Все новости