Реклама

.

"Чоң-Капка" пунктунан жаран 200гө жакын автоунаанын маңдайкы айнегин үй буюмдары катары алып өткөн

29.06.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 28-июнунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан үй буюмдары катары автоунаанын маңдайкы айнектерди ташып келгендигин аныкташты.

Алсак, 199 даана автоунаанын маңдайкы айнегин ташып бара жаткан автоунаа кармалган. Айдоочу Россиядан жеке үй буюмдарын гана алып келе жатканын билдирген, бирок текшерүү учурунда маңдайкы айнектер табылган. Ошондой эле, ташуучунун товарды алып келүүгө уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы ж. б.

Укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости