Реклама

.

Салык кызматы "Чоң-Капка" пунктунан коштоочу кагазы жок 400 даанадан ашуун килем менен автомашинаны кармады

27.06.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 27-июнунун таңында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан болжол менен жалпы 725 миң сом суммасындагы 433 даана килем ташып бараткан автомашинаны кармашты.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) өткөрүлүп берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости