Реклама

.

"Ак-Жол" контролдоо пунктунан документтерсиз жана акциздик маркасы жок 59 миң кутуча тамеки менен автомашина кармалды

24.06.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2019-жылдын 23-июнунда кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги тарнспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан акциздик маркалары жана тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок тамеки продукциясын алып өтүп бара жаткан автомашинаны кармашты.

Бардыгы болуп болжол менен 3 млн сом суммадагы 59 миң 500 кутуча тамеки аныкталган. Тамеки буюмдары менен автомашина убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бузуу материалдары мыйзамга ылайык мындан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости