Реклама

.

Кыргызстандын жана Корея Республикасынын Салык кызматтарынын башчылары кызматташуу маселесин талкуулашты

22.05.2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Корея Республикасынын Улуттук салык кызматынын комиссары Хан Сын Хви башында турган делегация менен Бишкек шаарында жолугушту.

Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары жана ведомствонун бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары да катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн фискалдык органдарынын жетекчилери эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты жана улуттук салык системасын өнүктүрүү тажрыйбалары менен алмашышты.

Кыргыз тарап салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасынын долбоору тууралуу айтып берди. Корей өлкөсүнүн салыкчылары ар кандай системаларды жана заманбап технологияларды пайдалануу менен салык төлөөчүлөрдү электрондук тейлөө жаатындагы алардын салык кызматынын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып беришти.

МСК басма-сөз кызматы


IMG_8805

IMG_8867

IMG_8849

IMG_8844

IMG_8845

Все новости