Реклама

.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 477 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

14.05.2019

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу 14-майда пресс-конференцияда МСКнын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова айтты.

2019-жылдын 14-майына карата 477 миң 934 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты, бул 2018-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 23 миң 683 декларацияга көп.

Декларация тапшыргандардын ичинен 58 миң 232 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452 – уюмдар, 214 миң 38 – жеке ишкерлер, анын 74 миң 97 – патент менен иштегендер болду. 

Мындан тышкары, 130 миң 453 жеке жактар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери тапшырды. Ошондой эле, салык салынуучу кирешеге ээ эмес 29 миң 759 жеке адам отчетторун тапшырышты. 

Декларацияны электрондук түрдө 76 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 миңге көп же өсүү ыргагы 116% түздү.

2019-жылдын ушул айынын башталышына карата мөөнөтүн өткөрүү менен декларацияны тапшырган 774 салык төлөөчүгө КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы суммасы 985 миң сомго административдик айып салынган.

Мындан тышкары, салык кызматы декларациялык кампания аяктагандан кийин белгиленген мөөнөттү бузуу менен декларацияны тапшырган 568 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыны аныктады.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания–2018 үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартына чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү. Жеке жактарга: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу  жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.

Декларациялык кампанияны жүргүзүү мезгилинде сервистик тейлөө борбору бар ири соода түйүндөрүндө жана базарларда БСДны кабыл алуу пункттары уюштурулган. Декларацияны өз учурунда тапшыруу жөнүндө калк арасында кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, БСД тапшыруунун мөөнөтү аяктаарынын акыркы 10 күн арылыгында салык органдары жер-жерлерде иш күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрүндө да түнкү 12ге чейин салык төлөөчүлөрдөн декларацияны кабыл алуу менен күчөтүлгөн режимде иштешти.

2018-жыл үчүн декларациялык кампаниянын жыйынтыгы менен декларацияларды бербеген жана берүүгө милдеттүү болгон субъекттерди табуу жана издөө, ошондой эле декларацияланууга тийиш болгон мүлктүн бар экендигин текшерүү жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

МСКнын басма-сөз кызматы

03p

02p

01p

Все новости