Реклама

.

Салы кызматы 4 айда Бузуулардын бирдиктүү реестрине 4,7 миңден ашуун салык төлөөчүлөрдүн мыйзам бузууларын каттады

03.05.2019

Республиканын салык органдары  2019-жылдын 2-майына карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык “Бузуулардын бирдиктүү реестрине” жалпы 10,8 млн сом суммасында салык төлөөчүлөрдүн 7 миң 766 мыйзам бузууларын каттады.

Жалпы мыйзам бузуулардын ичинен салык салуудан качкандыгы жана бухгалтердик эсепти бурмалагандыгы үчүн 4,6 млн сомго 703 протокол, Бирдиктүү салык декларациясын бербегендиги жана салык төлөбөгөндүгү үчүн 3,8 млн сомго 2 миң 410 протокол, контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн 1,7 млн сомго 1 миң 156 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле социалдык камсыздандырууга байланыштуу документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн 246 миң сомго 150 протокол, социалдык камсыздандыруу органдарына катталбастан, экономикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 185 миң сомго 185 протокол, документтердин сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн 169 миң сомго 77 протокол жана бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалангандыгы үчүн 109 миң сомго 81 протокол түзүлдү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, салык органдары салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө администрациялык айып салышат. Мындагы бардык тартип бузуулар “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталат.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости