Реклама

.

Салык кызматынын төрагасынын май майрамдары менен куттуктоосу

01.05.2019

Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттик салык кызматынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди 1-май – Эмгек күнү, 5-май – Конституция күнү жана 9-май – Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул үч майрам жылдын эң сонун учуру, жаратылыш жанданып, жер бети жашылданган жаз мезгилинде келет.

1-май – өздөрүнүн жаратман эмгеги менен өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү жана бакубаттуулугу үчүн негиз түзгөн эмгекчилердин майрамы.

1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган, бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун символу, көз карандысыз өлкөнүн заманбап тарыхынын башталышы болуп калды. Элдин биримдиги, мыйзамды урматтоо жана өз Мекенин сүйүү өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн сактоого жана чыңдоого мүмкүндүк берди.

Тынчтык өкүм сүрбөгөн өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү жана элдин бейпилчилиги мүмкүн эмес. 9-май – фашизмди жеңген күн, ошондой эле тынчтык майрамы, Жеңиштин символу болду. Биздин чоң аталарыбыз тынчтык үчүн, келечегибиз үчүн өз жандарын беришкен. Курман болгон бардык баатырларга таазим. Фронтто жана оорукта жеңишке жетишкен согуш ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине терең таазим.

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун. Ар бир үй-бүлөгө бакыт жана бакубат жашоо, ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Урматтоо менен,

Теңизбек Абжапаров, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

Все новости