Реклама

.

МСК кызматкерлер үчүн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам маселелери боюнча семинар өткөрдү

11.04.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын алтымыштан ашуун каржылык кызматкерлери (бухгалтерлери) үчүн 2018-2019-жылдары мамлекеттик сатып алууларга тийиштүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрү боюнча окутуу семинарын өткөрдү.

Семинардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, жетишпестиктерди жана боштуктарды жоюу, Евразия экономикалык бирлигинин укуктук ченемдик актылары менен гармонизациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Демонстрациялык жана практикалык бөлүктөн турган семинардын жүрүшүндө, мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы онлайн режиминде колдонулган.

Ошондой эле, катышуучуларга КРдагы мамлекеттик сатып алуу мыйзамындагы күчүнө кирген акыркы өзгөртүүлөрү боюнча материалдар таратылып, семинардын темасы боюнча жооптор берилген.

Белгилей кетсек, ушул эле кызматкелер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” өнүктүрүлгөн ведомстволор аралык автоматташтарылган маалыматтык системасындагы негизги фонддорго баалоо жүргүзүү, иштин жыйынтыгын эсепке алуу жана ченемдик укуктук актыларды иш жүзүндө колдонуу предметтери боюнча окутуудан өткөн.

МСКнын басма-сөз кызматы


03(03)

01(01)

02(02)

04(04)

Все новости