Реклама

.

"Супер Инфо" гезитинде кайра текшерүүгө бухгалтердик документтерин берүү үчүн 5 күн бар

15.03.2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 6-мартында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын токтомдорунун негизинде "Компьютер Пресс" ЖЧКнын ("Супер- Инфо” гезити) ишин көчмө салыктык кайра текшерүүнү дайындады.

Кайра текшерүү 2013-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилдеги КР салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо предметине карата жүргүзүлөт.

Көчмө кайра текшерүүгө карата жазма буйрук ЖЧКнын коммерциялык директоруна үстүбүздөгү жылдын 11-мартында берилген.

Жазма буйрукту алгандан бери ЖЧКнын өкүлдөрү кайра текшерүү үчүн баштапкы бухгалтердик документтерин берише элек.

Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын 13-мартында салык төлөөчүгө документтерин берүү жөнүндө чечим берилди. Салык мыйзамдарына ылайык, "Компьютер Пресс" ЖЧКсы ("Супер-Инфо" гезити) 5 жумушчу күндүн ичинде, башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 20-мартына чейин, тиешелүү кайра текшерүү жүргүзүү үчүн суралган бардык документтерди берүүгө милдеттүү.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости