Реклама

.

МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

07.03.2019

Кымбаттуу айымдар! Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 8-март – Аялардардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коомдун өнүгүшүндөгү аялдардын жогорку ролун жана укуктарын таануу катары жыл сайын белгиленип келет.

Ушундай жарык маанайлуу жаздын күнү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бардык мекендештерге – апаларга, эже-карындаштарга, кесиптештерге жана ардагерлерге терең ыраазычылык жана сый-урматымды билдирип жатканыма кубанычтамын.

Силерге гана тийиштүү  болгон сулуулук жана акылмандык, чыдамкайлык жана боорукерлик, ошондой эле эң бир сонун сапаттар бизди, эркектерди суктандырып бүтпөйт.  

Сиздерге жүктөлгөн көптөгөн милдеттерге – балдарды тарбиялоо жана кесиптик, коомдук ишмердиктерге карабастан, дайыма назик жана сүйкүмдүү бойдон кала бериздер жана өзүңөрдөгү сапаттар менен бизди шыктандырып, күч берип келесиздер.

Бүгүнкү күнү биздин айымдар  турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көптөгөн ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздү саясат, спорт, медицина, бизнес жана башка тармактарда таанытып, ошол эле учурда камкор эне жана сүйкүмдүү жубай бойдон калышууда. Биз сиздер менен сыймыктанабыз.

Сиздер эң мыкты каалоо-тилектерге гана татыктуусуздар, урматтуу биздин айымдар.

Силерге кааларым ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана коомдогу сый-урматты каалайм. Бар болуңуздар!

Урматтоо менен,

Теңизбек Абжапаров, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы

Все новости