Реклама

.

Салык кызматы жана JICA биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты

25.02.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында Япониянын Эл аралык Кызматташуу Агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылуучу “Салык кызматынын кызматкерлеринин кадрдык дараметин жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Бул долбоор боюнча Биргелешкен координациялык комитеттин отурумуна МСКнын жетекчилиги жана JICA Япон агенттигинин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү, ошондой эле, JICA долбоорунун эксперттери катышышты.

JICA эксперттери жана жумушчу топтун жетекчилери өткөн жылда аткарылган иштер тууралуу отчет беришип, JICAнын кийинки этаптарын ишке ашыруу боюнча планды талкуулашты.

Отурумда белгиленгендей азыркы учурда JICA долбоорунун 2-стадиясы ишке ашырылууда. Анын алкагында дистанттык/электрондук окуунун 3 курсунун модулун иштеп чыгуу иштери жүрүүдө. Учурда дистанттык негизде окуу жүргүзүүнүн тартибин аныктаган документ иштелип чыкты.

Ошондой эле, Салык кызматынын кызматкерлери Японияда стажировкадан өтүшүп,  анын жүрүшүндө салык кызматынын кадрлар системасын пландоо жана уюштуруу маселелери боюнча Япониядан тажрыйба алып, практика жүзүндө дистанттык/электрондук окутуу системасы  жана санариптик контент түзүү менен танышышты. Алган тажрыбаларын алар салык кызматкерлери жана потенциалдуу салык төлөөчүлөр (жалпы билим берүүчү жана экономикалык эмес багыттары жогорку окуу жайлардын чоң класстарында окугандар) үчүн  дистанттык/электрондук окууну уюштуруу боюнча окуу модулдарын даярдоо үчүн колдонушат.

Салык кызматы JICA эксперттеринин пилоттук окутуу процесстерине мониторинг жүргүзүүчү жана башкаруучу Пилоттук окутууну контролдоо боюнча комиссия түзүү сунушун колдоого алды.

Биргелешкен координациялык комитеттин отуруму жолугушуунун Протоклуна кол коюу менен аяктады.

Эскерте кетсек, бул долбоор дистанттык/электрондук окутууну киргизүү аркылуу салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү жана калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жеке компьютерлерди, ошондой эле смартфондорду, ноутбук жана башка гаджеттерди пайдалануу менен, дистанттык/электрондук окутуунун эсебинен аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу каралган.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости