Реклама

.

“Сосновка” өткөрмө пунктунан документтери жок 37,8 тонна дизель отунун алып бара жаткан авто унаа кармалды

19.02.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 37 миң 860 литр дизель отунун алып өтүп бара жаткан авто унааны кармашты.

Транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек-Ош каттамы боюнча жүрүп бара жаткан жүгү бар авто унаанын тийиштүү документтери жоктугу жана май куюучу жана агызуучу оозуна орнотулуучу пломбалар үзүлгөндүгү аныкталган.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, кармалган авто унаа жүгү менен жагдайлар такталгычакты айып төлөөчү жайга токтотулду, ал эми ал боюнча материалдар Чүй облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости