Реклама

.

Салык кызматы салык салуу маселелери боюнча салык төлөөчүлөр үчүн семинарларды өткөрүүдө

18.02.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы республика боюнча салык төлөөчүлөр жана айматык салык органдарынын кызматкерлери арасында салык салуудагы актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Семинарлардын катышуучулары бир катар актуалдуу темалар, анын ичинде бирдиктүү салык декларациясын берүү, салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо жана жоюу тартиби, ЕАЭБдин алкагында салык отчетторун берүү жана салыктарды төлөө жол-жобосу, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу маселелери боюнча, ошондой эле, салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык КР салык мыйзамдарынын ченемдерин туура колдонуу боюнча түшүнүк алышат.

Алгачкы семинарлар Бишкек шаарынын 4 районунда 15-февралда өттү.

Графикке ылайык, андан ары 18-19-февралдарда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 20-февралда, Баткенде – 21-февралда жана Талас облусунда – 22-февралда өткөрүлмөкчү.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости