Реклама

.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 салык орган мыкты болуп аныкталды

12.02.2019

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактык салык органдарынын мыкты жамааттарын аныктады. Ар жылда өткөрүлүүчү конкурстун жеңүүчүлөрү Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын отурумунда аталды.

«Мыкты жамаат» наам үчүн мелдеште биринчи орунду өтмө тууну алуу менен Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы ээледи. Экинчи орунга Ош облусунун Араван району боюнча салык кызматы, үчүнчү орунга Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгы татыктуу болду.

Ведомстволук конкурс ишинде, салык мыйзамдарынын сакталышын жана салык саясатын натыйжалуу ишке ашырылышын контролдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мыкты жамааттарды аныктоо максатында өткөрүлөт.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты жамааттарды аныктоодо салык органынын ишмердигинин ар түрдүү багыттары боюнча маанилүү көрсөткүчтөр эске алынды. Тактап айтсак, бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу, салык карыздарын азайтуу боюнча иштер, салык төлөмдөрүн өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн административдик айып пулдарды салуу жана аларды иш жүзүндө өндүрүү, чарба субъекттерин салыктык каттоого тартуу, ошондой эле салыктык текшерүүлөрдү жана рейддик салыктык контролду жүргүзүү боюнча иштердин абалы. Кадрдык иштердин жана аткаруучулук тартибинин, салык төлөөчүлөрдүн ж.б. арасында түшүндүрүү жана методологиялык иштердин абалы кошумча эске алынган.

МСК басма сөз кызматы

Все новости