Реклама

.

Теңизбек Абжапаров: Салык кызматы алдында турган милдеттерин ишке ашыруу боюнча болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт

09.02.2019

Мамлекеттик салык кызматы алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча болгон күч-аракетин жумшайт деп билдирди ведомствонун төрагасы Теңизбек Абжапаров, коллегиялык отурумдун жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берген маегинде.

МСКнын башчысы Т.Абжапаров билдиргендей, коллегиялык отурумдун жүрүшүндө КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев салыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, үстүбүздөгү жылы салык органынын алдында турган милдеттерди белгилеп өттү.

“Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы премьер-министр тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана алдыга коюлган милдеттерди чечүү боюнча иш-план түзөт. Салык кызматынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттагы иштер күчөтүлөт, анын ичинде салыктык жол-жоболорун фискалдаштыруу, салык төлөөдөн качкан салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү боюнча, салыктардын бюджетке толугу менен түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлөт”, - деп билдирди Т.Абжапаров.

Алсак, ККМ-онлайды фискалдаштыруу долбоорун андан ары ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда 14 миң 232 ККМ-онлайн иштөөдө, план боюнча 12 миң ККМ орнотулушу керек болчу. 2018-жылдын январь-ноябрь айларынын аралыгында ККМ онлайн орноткон чарбалык субъекттердин түшкөн акчасы 204 млрд 211 млн сомду түзгөн, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64 млрд 951 млн сомго же 143,8%га көп, мында салык милдеттенмелери 6,6 млрд сомду түзүп, 2017-жылдагы деңгээлден 1,6 млрд сомго же 132,3%га көп.

Ошондой эле, Салык кызматы ушул жылы электрондук эсеп-фактураны киргизүү жана товарларды маркалоо боюнча салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашырууну улантат.

Салык кызматынын төрагасы ведомство тарабынан салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу айтып өттү.

Мисалга алсак, 2018-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында салык кызматынын сайты аркылуу электрондук патент бериле баштаган. 2019-жылдын 1-январына карата 3082 салык төлөөчү бул кызматты пайдаланып, электрондук патент алышкан.

2018-жылы салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында 6 салык органында “Бирдиктүү терезе” принциби менен инфра түзүм түзүлгөн. Бүгүнкү күндө “бирдиктүү терезе” 43 салык органында иштейт. Ушундай эле кызматтар соода-базар комплекстеринде жана ири соода борборлорунда, ошондой эле, “Сосновка” өткөрмө пунктунда түзүлгөн 13 тейлөө борборунда жана пункттарда көрсөтүлөт.

Салык төлөөчүлөр электрондук ар кандай түзүлүштөрдү (төлөм терминалдары, пост-терминалдар, веб-кассалар, төлөм карталары, мобилдик капчык жана интернет-банкинг) колдонуу менен салыктарды төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. 2018-жылдын ичинде көрсөтүлгөн 3267 түзүлүш аркылуу бюджетке 381,7 млн сомго 318 миң 872 миң салыктык төлөм жүргүзүлгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 138 миң  345 төлөмгө, суммалык жактан алганда 164,8 млн сомго көп.

www.salyk.kg электрондук сервис аркылуу электрондук түрдө салык отчетторун берүү боюнча МСКнын акысыз кызматын пайдалануучу салык төлөөчүлөрдүн саны жыл сайын  өсүүдө. 2019-жылдын 1-январына карата бул сервиске 97 миң 611 салык төлөөчү кошулган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 67 миң  432ге же 3,2 эсеге көп.

Салык кызматынын расмий сайты салык төлөөчүлөр үчүн чоң популярдуулукка ээ, 2018-жылы сайтка 6 млн 314 миң 543 колдонуучу кирген, бул 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп, анда сайтты  3 млн 552 миң 946 жолу пайдаланышкан.

«Бүгүнкү күндө салык төлөөчү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул жаңы кызмат көрсөтүүлөр -  МСКнын сайты аркылуу электрондук түрдө патент сатып алуу, салык отчетторун электрондук түрдө берүү, салыктарды терминалдар жана бушка электрондук түзүмдөр аркылуу төлөө салык органы менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты болушунча кыскартууга мүмкүндүк түзүп, коррупцияга болгон мүмкүнчүлүктү кыскартат. Салык кызматы салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүү боюнча иштерди улантат. Алсак, өлкөдө бизнес жүргүзүү жана салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелерин аткаруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономиканын көмүскө секторунун үлүшүн кыскартуу жана ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү,  салыктык башкаруунун маалыматтык системасын андан ары өнүктүрүү, салык төлөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө иш-чараларды улантат”, – деп МСКнын башчысы Т.Абжапаров белгиледи.

Ал ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагындагы салыктык башкаруу боюнча функциялар боюнча да түшүндүруп өттү.

2018-жылдын 1-октябрынан тартып экспорт жана импорт учурундагы товарларды натыйжалуу эсепке алынышын камсыз кылуу максатында, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жерде Транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуу боюнча төрт убактылуу пункттар иштеп жатат. Алсак, Талас облусунун Манас районунда «Чон-Капка автожолу», Чүй облусунун Панфилов районунда «Чалдыбар автожолу», Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Ак-Тилек автожолу» жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Ак-Жол автожолу».

Бардык убактылуу пункттарда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келинүүчү жүктөр тууралуу салык органдарына маалыматты онлайн режиминде жиберүүгө мүмкүндүк түзгөн коштомо кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система орнотулган. Алар иштеген бир канча айда оң натыйжа берген.

Алсак, 2018-жылы республикалык бюджетке 26,1 млрд сом суммасында кыйыр салыктар түшкөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 3,4 млрд сомго же 115,2%га көп. Анын ичинен убактылуу пункттар иштеген мезгилде октябрь-декабрь айларында 7,1 млрд сом кыйыр салыктар түшкөн жана бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 785 млн сомго көп.

Коллегиялык отурумда КР өкмөт башчысы койгон милдеттерге ылайык, Салык кызматы кыйыр салыктарды сапаттуу башкаруу жана аларды чогултуу боюнча болжолдук планды аткаруу боюнча иштерди күчөтөт, - деп Т.Абжапаров белгилеп өттү.

Ведомствонун алдында турган артыкчылыктуу багыттардын бири болуп салык карызын кыскартуу жана өндүрүү боюнча иштерди жакшыртуу эсептелет. Салык кызматы алдына коюлган дагы башка иш-милдеттердин да аткарылышын камсыз кылышы зарыл.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдагы ведомствонун иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Коллегиялык отурум КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусун өттү. Ага ошондой эле, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктери, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты. Коллегиянын күн тартибине ылайык, 2018-жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карызын өндүрүү боюнча иштердин абалы жана башка маселелер каралды.

МСКнын басма-сөз кызматы

KN05

KN01

KN04

KN02

KN03

Все новости