Реклама

.

2019-жылга карата Салык кызматынын ишинин негизги багыттары аныкталды

09.02.2019

8-февралда болуп өткөн коллегиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров 2019-жылдагы негизги милдеттерди аныктоо менен, ведомствонун иш планын айтып өттү.

Атап айтканда, ушул жылы салык кызматынын алдында мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн, салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөрдүн толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасындагы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Салык кызматы соода операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун (электрондук эсеп-фактуры, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн) фискалдаштыруу системасын өз убагында жана сапаттуу ишке киргизүү боюнча иштерди улантат.

2019-жылдын 15-январынан тартып ведомствого өткөрүлүп берилген камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча жаңы функцияларга ылайык, ведомствонун алдында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жана эсепке алууну камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат.

МСКнын кызматкерлеринин кадрдык дараметин, кесиптик жана системалык өсүүлөрүн өнүктүрүү, окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана салык кызматкерлери тарабынан этиканын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.

Фискалдык органдын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын катарында – республиканын бардык аймагын камтуу үчүн салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн оптималдуу топтому менен севистик борборлордун системасын андан ары өнүктүрүү, Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы иш кагадардын электрондук түрдө жүгүртүлүшүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнуктүрүү, анын ичинде салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор туурасында салык төлөөчүлөргө өз убагында маалымат берүүлөр кирет.

Мындан тышкары, электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык отчетторун электрондук түрдө берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштер улантылмакчы.

Ведомствонун алдында турган артыкчылыктуу багыттардын бири болуп салык карызын кыскартуу жана өндүрүү боюнча иштерди жакшыртуу эсептелет.

Салык кызматы алдына коюлган дагы башка иш-милдеттердин да аткарылышын камсыз кылышы зарыл.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости