Реклама

.

Салык кызматы 2018-жылы бюджетке 4 млрд сомдон ашуун салык карызынын түшүүсүн камсыз кылды

08.02.2019

Республика боюнча 2019-жылдын 1-январына карата салык карызы 2 млрд 329,9 млн сомду түздү, бул 2018-жылдын 1-январына салыштырмалуу 106,4 млн сомго кыскарган. Бул тууралуу 8-февралда болуп өткөн МСКнын коллегия отурумунда бергилүү болду.

Өнбөөчү карыздын суммасы жалпы салык карызынын 633,9 млн сомун түздү.

Республиканын салык органдары тарабынан 2018-жылы салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча белгиленген иштер өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында бюджетке 4 млрд 266,1 млн сом түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 888,9 млн сомго көп же өсүү тепти 126,3%ды түздү.

Салык төлөөчүлөргө 9 млрд 41,5 млн сом суммасында 95 миң 596 салык чечими тапшырылып, анын 71 миң 983 чечими боюнча 2 млрд 738,5 млн сом өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2 млрд 821 млн сомго 3 миң 449 салыктык-төлөм талабы коюлган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 95 талапка же 118,1 млн сомго көп. Коюлган 2 миң 52 салыктык-төлөм талап боюнча 549,2 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле, 1 млрд 78 млн сомго 4 миң 437 мүлктү тизмелөө жүргүзүлгөн. 309 материал боюнча мүлктөрдү сатуудан 90,8 млн сом өндүрүлгөн.

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 40,8 млн сомго 10 миң 119 административдик айып салынган, анын 7 миң 594 айып боюнча 31,6 млн сом өндүрүлгөн.

МСКнын басма-көз кызматы

Все новости