Реклама

.

2018-жылы 79,5 млрд сомдон ашуун салык чогултулду

08.02.2019

2018-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 79 млрд 583,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. 2017-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүшү 6 млрд 122,6 млн сомго же 8,3 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу 8-февралда болуп өткөн МСКнын коллегия отурумунда айтылды.

2018-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-божомол ашыгы менен аткарылган Алсак, пайыз салыгы 218,7 %га аткарылды, Кумтордун дүң кирешесине салык – 122,9%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 110,4%, бирдиктүү салык – 110,3%, кыймылдуу мүлк салыгы – 109,7%, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,7%, жер казынасын пайдалануу салыгы – 107,2%, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 104,4%, жер салыгы – 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,3%, ЕАЭБден импортко КНС – 101,3%.

Салыктардын жана төлөмдөрдүн жыйымынын түзүмүндө ЕАЭБден импорттоого КНС – 23%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга КНС – 15%, жеке жактардын–Кыргыз Республикасынын резиденттеринин киреше салыгынын үлүшү – 13%, ЕАЭБден импорттоого акциз – 10%, Кумтөрдөн дүң кирешеге салык – 9%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 6%, пайда салыгы – 6%, сатуу салыгы – 5%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 3%, резидент эмес – жактардын кирешесине салык – 2%, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга акциздик салык – 2%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 2%, кыймылсыз мүлк салыгы – 1%, жер салыгы – 1,0% түзгөн.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 19%, сатуу ишканаларында – 16%, байланыш түзүмүндө – 8%, башка ишмердиктерде – 9%, курулушта – 5%, профессионалдык ишмердикте – 5%, электр энергиясында – 5%, финансы кызматында – 5%, өндүрүштүн башка тармагында – 3%, алкоголдук суусундуктарда – 2% өндүрүлгөн.

МСКнын басма-көз кызматы

Все новости