Реклама

.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын Жаңы жыл менен куттуктоосу

31.12.2018

Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келе жаткан 2019-жылыңыздар менен куттуктайм!

Жаңы жылды биз дайыма өзгөчө маанай менен – кыялдануулар, жаңы пландар жана үмүттөр менен, жеке турмушубузда жана деги эле жалпы өлкөбүздө эң сонун көз ирмемдер менен тосуп алабыз. Ошондой эле, артыбызга кылчайып, өткөн жылдын жыйынтыгына саресеп салабыз.

2018-жылы Салык кызматы салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана санын кеңейтүү, салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча салык чөйрөсүндө буга чейин болуп келген иштерди заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен улантып, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү камсыз кыла алды.

Жаңы 2019-жылы салыкчылар өлкөнүн бардык жарандары менен биргеликте өлкөбүздүн бакубат турмушу жана гүлдөп өнүгүшү үчүн талбай эмгектенип, салык кызматына жүктөлгөн маанилүү иш-аракеттерди ишке ашырууга өз салымын кошот деп терең ишенем. Салык кызматы мындан ары да алдыга коюлган милдеттерин сапаттуу аткаруу боюнча болгон күчүн жумшайт. 

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болуп, 2019-жылга коюлган пландар аткарылып, жаңы мүмкүнчүлүктөр орун ала берсин.

Урматтоо менен,

Теңизбек Абжапаров,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы


Все новости